КАРА КӨЗҮН КАШАЙТУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Чоң кырсыкка учуратуу, шорун катыруу, түбүнө жетүү. Ач бел, куу жондо жат көзүнө бир тууган болбосок, катын жандуу сарттар кара көзүбүздү кашайтат (Сыдыкбеков). «Кокууй, кара көзүмдү кашайтып кеткенбии, кокуй?!» деген жаман ою менен ичкери жулунуп кирди (Касымбеков).